Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 50
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча Кз зоналык 1.2 коэффцентти кароо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча зоналык 1.2 коэффцентти кароо боюнча айыл өкмөттүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Ырысбаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча зоналык 1.2 коэффцентти бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы кирешелер боюнча башкы адиси А.Ырысбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |