Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 50
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга Республикалык бюджеттен келген кошумча акча каражаттын бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терекайыл өкмөтү боюнча 2017-жылга Республикалык бюджеттен келип түшкөн кошумча акча каражатын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө Республикалык бюджетинен келип түшкөн кошумча акча каражаты 1млн сом өлчөмүндө бекитилсин.(№1тиркеме тиркелет)
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Республикалык бюджетинин кошумча акча каражатынын чыгаша бөлүгү 1млн сомго жана Саргата жана Үч-Терек айылдарынын түнкү жарыктандыруусунан үнөмдөлгөн 477 670 сом акча каражаты Кызыл-Ураан айылына курулуп жаткан футбол аянтчасынынын АПУ, ИТУ документацияларын даярдоого жана тех.надзордун кызмат акысына жумшалсын.
3. Уч-Терек айыл өкмөтүнүн Республикалык бюджетинин кошумча акча каражаты 2215статьясына, 3111 статьясына 1млн 477 670 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Жогорудагы бекитилген Республикалык бюджеттин кошумча каражаттын аткарылышы боюнча айылдык кенешинин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |