Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 52
2018-жылга Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жана Республикалык бюджеттин бекитүү жөнүндө
Үч-Терекайыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү жана Республикалык бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIV-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү № 1 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 7836,9 мин сом атайын каражатты кошкондо 9036,9 млн сом,тендөө гранты 4431,6 мин сом жалпы 13468,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана оз убагында жыйноону камсыздоо Үч-Терек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 13468,5мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эмгек акыга, соц фондко чегерүүлөргө жана комунналдык чыгымдарга жумшалары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 125,6 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 3 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата атайын каражат 1,200 (бир милион эки жуз мин)сом, мунун ичинен 124,3 мин сом,аппарат, 1075,7сом ата-энелерден түшкөн акча каражат жалпы 1,200(бир миллион эки жуз миң) сомду түзөт.
5. Үч-Терек айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган калдык негизги каражаттан 400,3 миң сом, атайын каражаттан калган калдык 403,7 миң сом акча каражатты № 2 тиркемесине ылайык жумшалары белгиленсин.
6. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатына спец.фонддон келип түшкөн каражаттын ичинен Кызыл-Ураан айылындагы Бостектир участкасына таза суу түтүкчөлөрүн тартып келүү иштери үчүн 266043(эки жүз алтымыш алты миң кырк үч) сом акча каражаты кошумча бекитилсин.
7. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн эсебине Республикалык бюджеттен келип түшкөн кошумча акча каражаттан өткөрүлгөн тендерден үнөмдөлгөн суммадан Үч-Терек айылынын Жапар көчөсүнүн түнкү жарыктандыруусу үчүн 355582 (үч жүз элүү беш миң беш жүз сексен эки) сом акча каражаты бекитилсин.
8. Уч-Терек айылдык Кенешинин төрайымына жергиликтүү өз алдынча башкаруу төлөм жана жергиликтүү мамлекттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агентигинин 2013-жылдын 15-январындагы №04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
9. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |