Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры 19/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловдун Кадамжай райондук мамлекеттик админстрациясынын 2018-жылдын 14-сентябрындагы №1-17/04-1818 каты боюнча сунушун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунуну Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |