Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры 19/4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы карышкыр, чөө бөрүлөрдү атып жок кылуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айыл өкмөтүнүн аймагындагы карышкыр, чөө бөрүлөр калк арасында коркунуч туудуруп айылдардагы жандыктарга зыян келтирип жатат. Ошондуктан карышкыр чөө бөрүлөрдү жок кылуу максатында айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында чөө бөрү жана карышкыр атуу үчүн мыйзамдуу куралдары бар мергенчилер бригадасы уюштурулсун. Уюштуруу жагы вет адис М.Бердикуловго жүктөлсүн.
2. Атылган ар бир карышкырдын башына 5000 (беш) миң сомдон, чөө бөрүлөрдүн ар бир башына 1000 (миң) сомдон сыйлоо иретинде акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Маматкуловго жүктөлсүн.
Төрага | С. Абдурахманов |