Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 43
Торкен айылындагы мурунку “Шамшыкал” бала бакчасынын ысымын өзгөртүп айылдын атуулу Батырбекова Тамаранын наамына которуу жөнүндө А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылдагы VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясында чыккан № 36 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча
Торкен айылындагы мурунку “Шамшыкал” бала бакчасынын ысымын өзгөртүп айылдын атуулу Батырбекова Тамаранын наамына которуу жөнүндө А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылдагы VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясында чыккан № 36 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айылындагы мурунку “Шамшыкал” бала бакчасынын ысымын өзгөртүп айылдын атуулу Батырбекова Тамаранын наамына которулуп, Торкен айылындагы бала бакчанын ысымы” Батырбекова Тамара” атындагы бала бакчасы деп аталсын.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |