Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27- сентябры № 44
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жуматаев Шайлообек Казыбековичтин аткарган иштеринин отчетун угуу боюнча
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жуматаев Шайлообек Казыбековичтин аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Жуматаев Шайлообек Казыбековичтин аткарган иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Белгиленген иштерди аткаруу жана тийиштүү кызматкерлерге тапшырмаларды берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |
Торкен айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш.Жуматаевдин 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету.
Урматтуу депутаттар!
Мен сиздерге адегенде айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылдын 9 айына киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн аткарылышы тууралуу кыскача маалымат берип кетейин:
Жалпы киреше бѳлүгү: бугунку кунго 10075131 сом;
Жергиликтүү бюджеттен: 2938131сом
Мунун ичинен:
-салык агенттеринен алынуучу салык – 848958 сом;
-патенттин негизинде алынуучу салык - 193790 сом;
-жеке тараптардан алынуучу короо жай ж.б. салык - 170279 сом;
-айыл чарбасына багытталган жер салыгы - 276249 сом;
-айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы – 188698 сом
-сатуудан алынуучу салык – 32935 сом;
-кыймылдуу мүлк салыгы - 415743 сом;
-кыймылсыз мүлк салыгы - 2237 сом;
-КБФ (кайра бѳлүштүрүү фондусу) жер ижарасы - 462569 сом;
-Роялти - 66687 сом;
-лицензия кармаган үчүн - 86351 сом;
-жайыт салыгы - 166500 сом;
-жайыт салымы - 0,0 сом;
-бирдиктүү салык – 2400
- республикалык бюджеттен 7137000 сом
2018-жылдын тогуз ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча маалыматы тѳмѳндѳгүдѳй:
-Торкен айылында жаштардын демилгеси менен Т.Ашыралиев мектебинин от жагуучу
имаратын машыгуучу зал кылып реконструкциялоо үчүн - 96691 сом;
-Торкен айылында «Шамшыкал» балдар бакчасынын тех ремонтуна - 49242 сом;
-Кара-Жыгач айылындагы «Сезим» балдар бакчасына тех ремонтуна 45387 сом.
-Торкен айылынын таза суусунун трансформаторунун ремонт иштери үчүн жалпысы: -13600 сом; 2018-жылдын жаз айлары билесиздер, жаан-чачындын үзгүлтүксүз жаагандыгынан дарыялардагы суулардын денгээли кѳтѳрүлүп, аларды тазалоо иштерине жана таштандыларды тазалоого, ар кайсы жерде казылып жаткан карьерлерди жаап бекитүү үчүн күйүүчү майга 41500 сом.
Кѳтѳрмѳ айылындагы ФАПтын ИПУ, ИПТУ жана топосъемкасына, сметный документацисына жалпысынан 70000 сом,
Кѳтѳрмѳ айылынын мусорный полигону үчүн 60000 сом,
Кѳтѳрмѳ айылында кѳчѳлѳрдү тактоо үчүн архитектурага 3450 сом
Торкен айылындагы спорт залдын тех условиясына 5036 сом,
1с программасын койдурууга 30000 сом
Торкен таза суусунун насосуна 70000 сом,
ВЕБ сайт үчүн 13000 сом,
Лесхозго кѳчѳт эски жыл үчүн 22500 быйылкы жылга 13630 сом
Баннер үчүн 7880 сом,
Балдар күнүнѳ 19994 сом,
Муниципалдык кызматкерлер күнүнѳ 30000 сом
Архивге стелаж сатып алууга 27000 сом
Канцтовар хоз товар үчүн 15000 сом
Резервдик фонддон 76360 сомго тѳмѳндѳгү иштер жасалды:
2260 сом - А.Суеркуловдун эстелигин оӊдоого, 6000- Чычкандагы кѳчкүгѳ, 13600 трансформатордун ремонтуна, 7500 сом Хелветас компаниясынан келген конокторду тосууга, 5000 флюроаппаратка кызмат акы үчүн, 40000 сом кѳчмѳндѳр оюнуна жумшалды.
Согуш ветерандары үчүн эстелик курууга 78100 сом которулду.
Мектептердин тех ремонттору үчүн 81983 сом акча каражаты которулуп, Т.Жундубаев мектебине 24913 сом, К.Чокоев мектебине 17300 сом, Т.Ашыралиев мектебине 19840 сом, Мамыров мектебинин тек ремонтуна 19930 сом, айланасын тосууга 25500 сом жумшалды.
Айыл ѳкмѳткѳ караштуу мекемелердин санэпидстанциялык жумуштарына 23145 сом жумшалды.
Ал эми Токтогул райондук «Атайын Фондунан» каралган акча каражатынын маалыматы тѳмѳндѳгүдѳй:
«Фронтальный погрузчиктин» ѳздүк салымына 900000 сом
-Кѳтѳрмѳ айылындагы ФАПтын ремонту үчүн - 500000 сом;
-Кара-Жыгач айылында кичи футболдук аянтчасына - 953000 сом;
-АРИСтен «Фронтальный погрузчик» техникасын сатып алдык баасы 3472000 сомдук;
Айыл чарбасы боюнча
Айыл аймагында жалпысы 2724 га айдоо аянты, мунун ичинен сугаты-1353(шарттуу сугаты-840, сугаты-513) га, кайракы жер-1370, кѳп жылдык бак-28 га, чѳп чабынды-2084 га, жайыттар-42562 га.
Булардын ичинен: буудай-40 га, арпа-100 га, жүгѳрү-1126 га, май ѳсүмдүгү-30 га, картофель-390 га, жашылча 11 га, бахча-10 га, кѳп жылдык чѳп-40 га, кѳп жылдык чѳптѳр(эски талаа чѳбү) -700 га, ал эми айдалбай калган жерлер 277 га түздү.
Жалпы айыл чарбасына жарактуу тракторлордун саны-39.
Айылдын каналдары-53 км. Уостун балансындагы каналдар-52.7 км
Тегирмендер (шак тегирмен)- 3, СТО-2, Пилорома- 1, Туз карьер-3, чакан дүкөндөрдүн саны-30, ашканалардын саны-4, АЗС-1
2018-жылга тѳмѳндѳгүдѳй малдын саны катталган:
Жалпы ийри мүйүздүү мал-3633 баш, жылкылар-796 баш, кой-эчкилер-14623 баш. Айыл чарба продукцияларын ѳндүрүү кѳлѳмүн 3 % кѳбѳйтүү боюнча жазгы айдап себүүдѳ дыйкандарга Токтогул райондук агродепартаментинен 4т арпа үрѳнү жана 4т аммофос берилди, 100 га жер аянтына арпа себилип, 20ц/га түшүм алынып, жалпысы 200т болду.40 га жер аянтына буудай себилип жалпы түшүм 80 тн же болбосо ар гектарынан 20 ц айланды.
Ал эми 2018-жылга оруп жыйноонун жүрүшү тууралуу маалымат берип кетсем тѳмѳндѳгүдѳй:
Буудай жалпы 40 га себилип дүң түшүм 80 тн болуп 20 ц/га айланды. Жүгѳрү 1126 га себилип, 170 га оруп жыйналды жана 956 га бар. Май ѳсүмдүгү 30 га себилип жыйналганы 2 га. Картофель 390 га эгилип 170 га жыйналды. Жашылча 11 га, жыйналганы 9 га. Кѳп жылдык чѳп (эски беде) 700 га, жыйналганы 100%. Кѳп жылдык чѳп (жаны беде) жыйналганы 100%.
Жыйынтыктап айтканда жалпы айыл аймагы боюнча 2724 айдоо жер аянты болсо, мунун ичинен 2447 га айдалып себилип, 277 га айдалган эмес.
Инвестиция боюнча
Жалпысы 5 828,4 сом айыл аймагына инвестиция тартылды.
Мунун ичинен КРнын МЧС торкен чон суусунун жээгине селден сактоочу габион сетка-360,0сом, айыл чарба министрлиги жазгы айдап себүүгѳ карата 4т арпа үрѳнү, 4т аммофос, болжолдуу наркы-250,0сом, жергиликтүү бюджет-164,9 сом, БУУнун азык-түлүк программасынан калктын аярлуу катмарын жумуш менен камсыз кылуу боюнча ун, май таркатылып берилип жалпысы-818,5сомду түздү.
Калктын салымы, жеке ишкерлер тарабынан жалпысы -4 235,0 сом.
Калктын салымы, жеке ишкерлер тарабынан тартылган инвестициялар боюнча баса белгилеп кетүүчү нерсе бул:
1. Торкен айылында «Сары-Булак» суусун 3км жерден казып келип 25 түтүн элди таза суу менен камсыз кылуу. Жалпысы 1500,0 сом акча каражатын жумшоо менен азыркы күндѳ 90% жумуш аткарылып бүткѳрүлгѳн.
2. Кара-Жыгач айылында 20 жылдыктар (Т.Жүндүбаев мектебин 1998-жылы бүтүрүүчүлѳр) тарабынан спорт аянтчасын куруу. Жалпысы 1500,0 сом акча каражаты жумшалган.
3. Торкен айылында 20 жылдыктар (Т.Ашыралиев жана А.Мамыров орто мектебин 1998-жылы бүтүрүүчүлѳр) тарабынан Ош-Бишкек жолунун 1 км түнкү жарыктандыруу. Жалпысы - 250,0 сом
4. Кѳтѳрмѳ айылынын кире беришине 800 метр 20 жылдык бутуруучулѳрдун салымы менен тунку жарыктандырууну орнотуу. Жалпысы -135,0 сом.
3. Торкен айылынын тургуну жеке ишкер Ж.Туркменовдун демѳѳрчүлүгү менен Дүйшѳбай жана Шалаңбай кѳчѳлѳрү (3 км) кум шагыл тѳгүлүп тегизделип, түнкү жарыктандыруулар орнотулган. Жалпысы -300,0 сомду түздү.
4. Торкен айылында Эмилбек кѳчѳсүнүн 0,5км түнкү жарыктандыруу. Жалпысы-80,0сом. Демѳѳрчү Салиев Тагай.
5. Кѳтѳрмѳ айылындагы 225 орундуу К.Чокоев атындагы орто мектеби республикалык бюджеттин каржылоосу менен сметалык баасы 44 000,0 сомду чапчыган курулушу бүтүп пайдаланууга берилген. Азыркы күндѳ ойноочу спорт залынын 97% бүткѳрүлгѳн жана жакынкы күндѳрү пайдаланууга берилүү алдында турат.
-АРИСтин колдоосу менен жайыт комитетине «погрузчик» техникасы келди.
Калктын социалдык абалы боюнча.
Торкен айылында калктын саны-5762, түтүндүн саны-1197. Кѳтѳрмѳ айылында калктын саны-1665, түтүн саны-334. Кара-Жыгач айылында калктын саны-3060 болсо, түтүндүн саны-581. Булардын ичинен: ѳтѳ жакыр уй бүлѳѳлѳр- 524, жакыр үй бүлѳѳ-172, ал эми орто жакыр үй-бүлѳѳлѳрдүн саны- 110.
842 пенсионер, 280 жөлөк пул алуучу, 108 соц пенсия, 86 женилдик алуучу 8 тоголок жетим, 125 уй- булоодо 172 бала жарым жетим, согуштун катышуучусу жок, согушту жесирлери- 6,2 ЧАЭС, 9 Афган согушунун катышуучусу, 326 жалпы майып, анын ичинен 82 бала 18 жашка чейинки майыптар, 58 азиз дудуктар,кароосуз кары картандар - 25 адам. 165 баатыр энелер , 51 эне данк орденин алгандар, камкордукка алынган 60 үй булөөдө 63 бала бар.
Азыркы күнгѳ 98450 (токсон сегиз миӊ тѳрт жүз элүү)сом акча каражаты жумшалды. Анын ичинен жакыр 11 уй булѳѳгѳ 17000 (он жети миӊ) сом жардам кѳрсѳтүлдү. Булардын ичинен 1 адамга ѳпкѳсүнѳн ооругандыгына байланыштуу жардам берилди. Даталуу күндѳргѳ 47000 (кырк жети миӊ) сом акча каражат жумшалган. Кароосуз кары картаӊдардын үйүн актап берүү үчүн 3950 (үч миӊ тогуз жүз элүү) сомго аки таш сатылып берилди. Жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй бүлѳѳлѳрдүн балдарын жайкы эс алуу лагерине барууга 30000 (отуз миӊ )сом которулган.
Азыркы убакта аткарылып жаткан иштер:
Ѳзүңүздѳргѳ белгилүү болгондой айыл ѳкмѳтүнүн имаратынын алдында Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналып, жергиликтүү бюджеттен 390 миң сомго эстелик курулууда. МЧСке кайрылуу каттарды жолдоп, сметалык долбоорлорун даярдоо менен Торкен, Кара-Жыгач, Кѳтѳрмѳ айылдарына сел коркунучтарын алдын алуу максатында сел агып кетүүчү каналдар казылууда. Торкен айылында 4 кѳчѳгѳ суу агып кетүүчү трубалар коюлат. Себеби ушул убакка чейин арыктарда агуучу суулардын акыркы точкасында трубалар коюлбагандыктан керексиз агын суулар кѳчѳлѳрдү бузууда. 2019-жылдын планына футбол ойноочу кичи аянтчаны жаштардын колдоосу менен сметалык долбоору даярдалып азыркы күндѳ түрткү берүүчү грантка документтери даярдалып сунушталууда. АРИСтин колдоосу менен жакын арада ХОВА автомашинасы жайыт комитетине келиши күтүлүүдѳ.
Кѳтѳрмѳ айылына спец фонддон 500 миң сом которулуп, айылдык ФАП тын капиталдык ремонту жасалганы турат. «Таза суу» программасына Торкен, Кѳтѳрмѳ айылдары планга кирип, Кѳтѳрмѳ айылында изилдѳѳ проектилери боюнча АРИС тарабынан иш алып барууда. Кара –Жыгач айылында Тургунбек Аккучуков атындагы спорт аянтчасынын айланасы сетка менен тосулуп, ичинде жаштардын демилгеси менен кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, ишке берүү алдында турат. Ошондой эле айылдык клубдун долбоорунун сметасы бүткѳрүлүп, түрткү берүүчү грантка даярдоо иштери жүрүп жатат. Спец фонддун каржылоосу менен Торкен айылындагы Боз-Тектир кичи каналын оңдоп-түзѳѳ үчүн 500 миң сом бѳлдүрүп, сметалык долбоор менен иш жүрүүдѳ. Торкен насостук станциясынын «оң канаты» болуп эсептелинген суунун 2,5 млн ( эки жарым млн) сом акча каражаты каралып, сиздердин кѳзѳмѳлүңүздѳрдѳ турат.