Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-октябры № 45
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын бекитүү жөнүндөгү маселени А.Суеркулов атындагы айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтомунун негизинде Торкен айыл өкмөтүнө караштуу жалпы жер фондусунун жайгашкан ордун, өлчөмдөрүн, эсебин тактоо боюнча жумушчу топтун материалдары бекитилсин.
2. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 174 буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга Торкен айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, райондук мамлекеттик администрациясынан жер фондун инвентаризациялоо боюнча жыйынтыктарын бекитип берүү жагы суралсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www. Тorken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу Г.Токтошовага милдеттендирилсин.
Төрага | У. Бучуков |