Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы №44/У111-27
Карылар күнү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бир жолу көрсөтүлүүчү жардамды алуучулардын жаш курагын жана майыптыгынын тобун аныктоо жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңеши кезектеги сессиясында карылар күнүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүн өткөрүү үчүн материалдык жардам алуучулардын жаш курагын жана майыптыгынын тобун аныктоо боюнча маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-октябрь –Эл аралык карылар күнүнө карата жана жыл сайын өткөрүүлүчү “Кары адамдарга көнүл буруу жана камкордук” бир айлыгын өткөрүүдө Нурманбет айыл өкмөтүндө жашаган жашы 75 жаштан жогору болгон жарандарга материалдык жардам көрсөтүү каралсын
2. Эл аралык майыптар күнүн жана мүмкүнчүлүгүчектелген жарандарды колдоо боюнча “Биз биргебиз” иш чарасын өткөрүүдө Нурманбет айыл өкмөтүндө жашаган 1-2 топтогу майыптарга материалдык жардам көрсөтүү каралсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманов |