Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы №45/У111-27
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине ылайык Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.А.Кочоралиеванын 2017-жылдагы Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө маалымдамасын талкуулап, жергиликтүү бюджеттин аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын белгилеп айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн киреше булагы 2017-жылга карата 5948,3 миң сомго,чыгаша булагы 7325,1 миң сомго аткарылышы тууралуу маалымдамасы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча 1050,0 сомго бекитилсин.Төмөнкү бөлүктөргө бекитилди:
-Аппарат 3010,2 миң сом -социалдык камсыздоого 406,0миң сом
-ЖКХ 881,8 миң сом -жайытка 100,0 миң сом
-коомдук тартип 40,0 миң сом -атайын эсеп 1050,0 миң сом
-библиотека226,6 миң сом
-клуб 1107,3 миң сом
-балдар бакчалары 673,3 миң сом
-мектептерге 2605,3 миң сом
3. 2018-жылдын эркин калдыгы 1114,2 миң сомго бекитилсин.Атайын каражаттардын эркин калдыгы 70,4 миң сомго бекитилсин.
4. Эркин калдыктын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 миң сомго бекитилсин
5. Айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагынын божомолу 2019-жылга 5969,2 миң сом,2020-жылга 6076,2 миң сом жактырылсын
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманов |