НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 49/1Х-27
Нурманбет айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 29 беренесине,Нурманбет айылдык кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 1-пунктуна ылайык жана Нурманбет айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 26.01.2018-жылдагы №3 протоколунун негизинде Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы болуп №1округдун депутаты Андашов Шайлобек Темиркулович шайлансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Сагынбекова |