Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 51/Х-27
ЖЧК “Керамикага” үч чакан ГЭСти жана суу топтомо курууга айыл өкмөтүнүн жерлеринен жер тилкесин берүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн жерлерине кирген Ысык-Ата дарыясынын этегине үч чакан ГЭСти жана суу топтомо курууга жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгып Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын негизинде ЖЧК “Керамикага” үч чакан ГЭСти жана суу топтомо курууга Нурманбет айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон Ысык-Ата дарыясынын этегинде жайгашкан
контур №12 аянты 0,85 га “дарыя”
контур №13 аянты 2,66 га “жайыт”
контур №14 аянты 0,25 га“жайыт”
контур №15 аянты 1,24 га“жайыт”
контурлардан 5га жер тилкеси жайыт жана токой фондусунан, “Өнөр жай, транспорт байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыт” категориясындагы жерлерге которулуп узак мөөнөттүү ижарага берүүгө макулдук берилсин
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б.Артыкбаевке:
-айыл өкмөтү менен “Керамика” ЖЧКсынын ортосунда ижара келишиминин шарттары түзүлүп,төлөм акылары, төлөм жүргүзүүнүн мөөнөтү такталсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |