Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 53/Х-27
Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза сууну колдонууну иретке келтирүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл аймагында “Турайкан” таза суу чарбасынын жетекчиси Айдаркул уулу Кайраттын 2018-жылдын февраль айынан бери таза сууну жергиликтүү калкка жеткирүү боюнча жүргүзгөн иши тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап жана суу колдонуу талаптарын иретке келтирүү максатында Нурманбет айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза суу пайдалануунун талаптарын бузган айыл тургундарына айып пул төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
-огород сугарып кармалгандарга 1 жолу эскертүү берилсин,2 жолу кармалганда 1000 сом айып пул жана суу сугарган шлангды алып коюу
-мыйзамсыз борбордук суу тутумуна кошулгандарга 2 миң сом айып пул
-ацбест трубаны тешип жарака келтиргендерге өзүнчө 2миң сом айып пул
-суу акысын төлөбөсө үйгө киргизилген сууну кесүү,краны жокторго эскертүү берүү
2. Үйгө таза киргизүүгө төлөм акысы 1000 сом болуп бекитилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |