Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 54/Х-27
Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2018-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары,дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жана огород сугаруу суусунун баасын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнун аймагындагы “ Балбан суу”,”Гөк чаар” сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарынын 2018-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө сугат суу бирикмелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2018-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымдамасы эске алынсын
2. Бирикмелердин жетекчилери К.Сардарбеков,Чылпаков Э төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:
-кол менен тазалоочу арыктардын калганын сугат мезгилине чейин тазалап бүтүрүү
-2018-жылдагы сугат мезгилинде дыйкандарды тынымсыз,жетиштүү көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу
-ар бир күндү текке кеттирбей сугат сууну көп керектөөчү кызылча,жүгөрүнү сугаруучу убакытка чейин бедеге токтоосуз суу берип туруу
3. Аймактагы ар бир түтүндөн огород сугаруучу суу акысы үчүн сезонго 200 сомдон чектелсин,суу акысын чогултууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнөн маалым кат берүүдө жарандардан кармалсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |