Редакцияот 23.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 23-майы № 55/Х-27

Нурманбет айыл айыл өкмөтүнүн “Нива” автоунаасын сатуу жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн эскилиги жеткен “Нива” автомашинасын сатуу жөнүдө маселени карап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын № 11, 12, 12 1 беренелеринин негизинде айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн “Нива” маркасындагы 15-09SK мамлекеттик номурлуу автоунаасы “Турайкан” таза суу чарбасына көз карандысыз баалоочунун бекиткен баасында сатылсын

2. “Турайкан” таза суу чарбасы тарабынан автоунаа үчүн каражат айыл өкмөтүнүн бухгалтериясынын кассасына төлөнсүн

3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-“Турайкан” таза суу чарбасы тарабынан автоунаа акысы төлөнгөндөн кийин автоунаа тиешелүү техникалык документтери менен өткөрүп берилсин

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.Андашов