Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-майы № 56/Х-27
Нурманбет айыл аймагынын жайыт колдонуучуларынын жыйынын протоколун бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында “Жайыт” комитетинин А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарында,фокус-группаларында жайыттарды жакшыртуу,мал чарбасынын асыл-тукумдуулугун жогорулатуу,малдарды эмдөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо боюнча кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарынын протоколдору жактырылсын.
2. Өткөрүлгөн жыйындардын негизинде
- 2 малдарга алдын ала эмдөө жүргүзүүчү жай мал киргизүүчү(загон) жайы менен орнотуу жөнүндөгү долбоору жактырылсын
-кой кыркуучу агрегат генератору менен алуу жөнүндөгү долбоору жактырылсын
-алыскы жайыттар үчүн күн батареясын алуу жөнүндөгү долбоору жактырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Андашов |