НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 57/Х1-27
Нурманбет айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Нурманбет айыл аймагында айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесине таянып көтөрүү жөнүндө маселени Нурманбет айылдык Кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл аймагы боюнча жер салыгынын базалык ставкасы аймактын жерлеринин кыртышы начар болгондугуна байланыштуу мурда колдонулуп жүргөн баада калтырылсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешининбюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманов |