Редакцияот 17.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 17-июлу № 58/Х1-27

Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга карата болжолдуу бюджетин колдоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” жана” Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-эконмикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдардын негизинде киреше жана чыгаша булагынын 2019 –2021 жылга болжолун колдоо үчүн Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Нурманбет айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагынын болжолу 2019 –жылга 10268,8 миң сом жактырылсын.

2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагынын болжолу 2020 –жылга 10468,8 миң сом колдонсун.

3. Нурманбет айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагынын болжолу 2021 –жылга 10677,5 миң сом колдонсун.

4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.Андашов