Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 60/Х1-27
Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза сууну колдонууну иретке келтирүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл аймагынын “Турайкан” таза суу чарбасынын жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү маалыматын угуу менен бирге таза суу тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөрдү жоюу максатта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юрьевка айыл аймагына:
-Нурманбет айылынын суу тутумуна туташкан Юрьевка айыл аймагынын Советская көчөсүнүн 5 түтүнү кесилип Юрьевка айыл аймагынын суу тутумуна кошулсун жана бул ишти аткарууга 1 айлык мөөнөт берилсин.
-А.Төлбашиев көчөсүндөгү суу бөлүштүргүчтү бурап-талкалоого тыюу салынып,тартипке чакырылсын
-суу бөлүштүргүчтү өзүм билемдик менен бурагандарга Юрьевка жана Нурманбет айыл аймактарынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан мыйзамдуу түрдө чара көрүлсүн
2. Айыл өкмөтүнүн турак-жай чарбасы адиси Б.Байгазиевге,таза суу чарбасынын жетекчиси Айдаркул уулу Кайратка:
- С.Ормуков атындагы көчөдөн С.Молдобаев атындагы көчөсүнө суу чыгарылсын
- ашык көлөмдөгү суу кетип жаткандыгын аныктоо үчүн резервуардан Сынташка кеткен жердеги суу кесимин(вырезка) текшерүү
-Юрьевка айылында оңдоло турган түтүккө 50м.сом каражат бөлүнүп берилип аны оңдоо боюнча иштер жүргүзүлсүн.
-эмгектин ардагери С.Ормуковдун үйүнө суу чыгаруу үчүн айыл өкмөүнүн эсебинен 3 миң сом которулсун жана бул иш аткарылсын
-Касымов Кенжебек,Осмонкулов Нурландын кызыл сызыктан чыккан бактарын алып салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |