Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 61/Х1-27
Сагынбекова Жылдыз Эрмековнаны сыйлыкка сунуштоо жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында А.Токтоналиев айылынын клуб башчысы,айылдык кеңештин депутаты Сагынбекова Жылдыз Эрмековнаны мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо жөнүндө маселени карап,анын 25 жылдан ашык эмгек жолун жана айыл аймагын өнүктүрүүгө,элдин биримдигин чыңдоого кошкон салымын эске алып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты Сагынбекова Жылдыз Эрмековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этостор аралык мамилер боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыгы болгон “Жегиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгисине сунушталсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,тарип жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |