Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 62/Х11-27
Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы №19/11-27 “Нурманбет айыл аймагында турак үй курууга жер тилкесин бөлүштүрүүгө,муниципалдык менчиктеги жерди сатууга жана мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамдарын түзүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 26-июлундагы №11-03/18 протестин карап жана жогоруда аталган токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-февралындагы №19/11-27
“Нурманбет айыл аймагында турак үй курууга жер тилкесин бөлүштүрүүгө, муниципалдык менчиктеги жерди сатууга жана мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамдарын түзүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө: -жогоруда аталган комиссия курамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №59 токтомунун талаптарына ылайык түзүү жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |