Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №1
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековдун Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековдун Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Төрага | А. Назиров |