Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 2
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата 3388,3 миң сом калдыгын, жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга бюджетин 2019-2020-жылдарга болжолдуу доолборун бекитүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Торобековдун 2017-жылдын 1-январына 3388,3 миң сом калдыгы ошондой эле жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга бюджети 2019-2020-жылдарга болжолдуу доолбору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата 3388,3 миң сом калдыгы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга долбоору 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга доолбору 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 250,0 миң сом белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары- дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлсүн.
6. Жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүүсүнө карата КР финансы министрлигинин райондук башкармалыгынан берилген өзгөртүүлөрүнүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнү башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Төрага | А. Назиров |