Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 3
Шайдан айылдык жайыт комитетинин 2017-жылга каралган бюджетинин аткарылышын кароо жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү канаатандырарлык деп белгиленсин жана 2018-жылга бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шайдан айылдык жайыт комитетинин киреше жана чыгашалары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Алиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Төрөбековко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назиров |