Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 1
Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагына жетим-жесирлерге “Ас-Салом” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган үйгө убактылуу жашоочуларды бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагына жетим-жесирлерге “Ас-Салом” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган үйгө төмөнкү тургундар убактылуу жашоо үчүн бекитилсин.
Абдрахманова Сонунбү – Алма айылынын тургуну.
Кадырова Аписа – Тоскоол айылынын тургуну.
Сейитбекова Махабат – Алма айылынын тургуну.
Субанова Жазгүл – Жаңы-Арык айылынын тургуну.
Маманова Сейдана – Молдо-Жалил айылынын тургуну
3. “Ас-Салом” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган үйгө убактылуу жашоо үчүн киргизилген тургундар мыйзам чегинде убактылуу жашоо боюнча Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов менен келишим түзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назиров |