Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлундагы № 1
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекилген бюджетинин 6 айлык аткарылышын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы боюнча ФЭБ башчысы М. Мамановдун отчету көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин жыл ичинде аткарылышын жана максаттуу сарпталышын камсыз кылуу жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы М. Мамановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Назиров |