Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июлу № 2
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Төрөбеков маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекилген бюджетине өзгөртүү киргизилсин (финансы –экономика боюнча туруктуу комиссиянын протоколу тиркелет).
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин аткарылышын жана максаттуу сарпталышын камсыз кылуу жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы М. Мамановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Назиров |