Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 1
Шайдан айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамына сунушталган жарандарды бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамына сунушталган төмөнкү жарандар бекитилсин.
Жантаева Уларкан – Алма айылынын тургуну, № 15 ҮБДТ мед айымы. Коомдук ишкер.
Ибраимов Абийбилла – Тоскоол айылынын тургуну, песионер.
Жаркулов Муратали – Эски-Масы айылынын тургуну, пенсионер.
Бакиров Шарабидин – Молдо-Жалил айылынын тургуну, УОС кызматкери.
Султанов Абдыкапар- КР ЖК депутаты, жеке ишкер.
Тажибаев Жумали – Тотонбай айылынын тургуну, жеке ишкер.
Сыдыков Мамажан – Тотонбай айылы. Пенсионер.
Камбаров Курманбек – Жаңы-Арык айылы. Пенсионер.
Давлетов Болот Эргешович – Жеке ишкер. № 42 Э. Давлетов а.о.м. демөөрчүсү.
Тиллебаев Абдиллажан – Жеке ветсервис жетекчиси. Жеке ишкер.
3. Жогорудагы Шайдан айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлгөн атуулдарга мыйзам чегинде тийешелүү күбөлүк жана “Ардактуу атуул” лентасын даярдап берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловко жана ФЭБнүн башчысы М.Мамановдорго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назиров |