Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 18
2018-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы, Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Депутаттын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2018-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун отчетун, туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 9 ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн (атайын каражаттарды кошпогондо) 24 633,5 миң сомго аткаруу пландалса, иш жүзүндө 24 284,1 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 23 268,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Төмөндө аталган иштерди 1 (бир) айлык мөөнөттүн ичинде аткарууга алсын:
базардын айланасын ирээтке келтирүү, унаа жүрүүчү жолдордун жээгинде, мыйзамсыз жерлерде соода кылууга тыюу салуу (Токтом № 125 );
жеке ишкерлер Г.Сонунбаева, Т.Ташболотов менен аларга тиешелүү жерди сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүнүн имаратынын артында муниципалдык менчиктеги жерге салынып жаткан имараттын курулуш иштерин, Кенжетаев көчөсүндөгү кызыл линияга жакын курулуп жаткан турак жайдын курулуш иштерин токтотуу үчүн тиешелүү мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен бирге кечиктирилгис иш-аркеттерди көрүү менен жыйынтыккка жетишүү;
А.Сүйөркулов көчөсүндөгү (32 үйдүн тушундагы) контейнерлерди тез арада алдыруу, муниципалдык менчиктеги жерди бошотуп алуу;
“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн тез арада карап, тиешелүү чара көрүү;
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н. Жусупахунов |