Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 19
2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 26.10.2018-жылдагы чыгыш № 01-34/592 сунушу боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, 2018-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Корутундуга ылайык 359, 6 миң сом үнөмдөлгөндүгү белгиленсин.
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
4. Өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын 29.10.2018-жылдагы кезектеги
VII сессиясынын № 19 токтомуна Тиркеме
2018-жылдын 9 (тогуз) айында тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 359, 6 миң сомду чыгымдоо, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү
боюнча ачыктама
№ | Статьясы | Каражатты чыгымдоо багыттары | Сумма (миң сом) |
1 | 2214 | Токтогул шаардык кеңешинин кызматтык автоунаасын оңдоо үчүн | 12,0 |
2 | 2215 | Афган согушунун ардагерлеринин үйлөрүнө, көчөнүн аттары жазылган тактайчаларды жасатууга | 72,6 |
3 | Топосъемкага ( Ботбаев, Токтогул, Сүйөркулов (№ 32 үйдөн Каралаев көчөсүнө чейин) көчөлөрүнө тротуар курууга) | 50,0 | |
4 | Проекттерди чийдирүүгө (2019-жылга пландалган курулуш иштерине) | 100,0 | |
5 | Наристе балдар бакчасынын ашканасынын проектин даярдоого | 50,0 | |
6 | 3112 | “Достук” балдар бакчасына кир жуугуч машина сатып алууга | 65,0 |
7 | Мэрияга кызматтык велосипед сатып алууга | 10,0 | |
|
| Жалпы: | 359,6 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов