Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 20
Муниципалдык менчиктеги жерлерди инвентаризациялоо, убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү, ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте тургун жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобонун” талаптарына ылайык, муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикке тиешелүү пайдаланылбай бош турган жана жеке ишкерлер, жашоочулар тарабынан убактылуу пайдаланылып жаткан жер аянттары инвентаризациялансын, кеңештин бекитүүсүнө сунушталсын.
2. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүүдө КР Өкмөтү тарабынын 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобонун талаптары жерге укук берүү боюнча комиссия тарабынан жетекчиликке алынсын.
3. Муниципалдык менчикеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага акысы тиркемеге ылайык бекитилсин, 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.
4. Жерлерди ижарага берүү боюнча мэрия менен жеке жана юридикалык жактардын ортосунда 2016-жылга чейин түзүлгөн бардык келишимдер 2019-жылдын 1-январынан баштап кайрадан жаңыланып түзүлсүн, бардык келишимдердин ижара акылары ушул токтом менен бекитилген ижара акыларына ылайык келтирилсин.
5. Ижара акыларын өз убагында чогултуу менен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча кечиктирилгис иш аракеттер жүргүзүлсүн.
6. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларга (А.Касымов, М.Калмурзаев) тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
11. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 06.06.2013-жылдагы № 123, 04.06.2014-жылдагы токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
| Төрага | М.Н. Жусупахунов | ||||||||||
Токтогул шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 29.10.2018-жылдагы № 20 токтому менен бекитилген Тиркеме
| ||||||||||||
Муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн ижара акысы, Токтогул шаары | ||||||||||||
I- Борбордук базар: чыгышынан Боконбаев, батышынан А.Суеркулов, түштүгүнөн Черноткач, түндүгүнөн Шарипов көчөлөрүн камтыйт, II-А.Сүйөркулов көчөсүнүн чыгыш, батыш тарабы, III- Автобекеттин айлана-тегерегиндеги жерлер, IV- 1,2,3,4,5-кичирайондор, Борбордук оорукананын айлана-тегерегиндеги жерлер, V-Б.Осмонов көчөсүнүн түндүк, түштүк тарабы, Бишкек-Ош авто унаа жолунун түндүк, түштүк тарабы, Топбаза, Таласбай, Акжон участоктору, VI- Мал базардын айлана-тегереги, VII- А.Бекташев, Шарипов, Момункулов, Кенжетаев, Токтогул, Бөкөнбаев, Ашыров, Черноткач, 7-кичирайон ж.б. VIII-А.Козубеков атындагы эс алуу багы | ||||||||||||
№ | Жерлердин максатка ылайык пайдаланылышы | Шаардын ичиндеги айрым аймактар боюнча муниципалдык менчиктеги жерди ижарага берүүнүн тарифтик баасы, сом/м2 бир айга | ||||||||||
| Аянты | I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | |||
1 | Дүкөндөр, киоскалар, ларектер жана башка соода-сатык түйүндөрү, банктар, ломбард, акча алмаштыруучу жайлар, кичи базарлар, базарлар, соода комплекстери, жалпы аянты 10 м2 чейинки жерлер, ошондой эле аянты 20 м2 чейинки жерлер, 20м2 жогорку жерлер | 10м2 чей. | 40 | 35 | 30 | 30 | 25 | 30 | 30 | 30 | ||
20м2 чей. | 35 | 25 | 20 | 20 | 20 | 20 | 20 | 10 | ||||
20м2 жог. | 25 | 15 | 10 | 10 | 10 | 10 | 10 | 5 | ||||
2 | Тамак-аш ичүүчү жайлар, ошондой эле башка кызмат көрсөтүүчү жайлар |
| 20 | 20 | 10 | 20 | 20 | 20 | 20 | 5 | ||
3 | Мейманканалар, оюн зоок жайлары, жалпы аянты 50м2 чейинки, 50м2-200м2 чейинки, 200м2 жогорку жерлер | 50м2 чей. | 20 | 20 | 10 | 10 | 20 | 20 | 10 | 20 | ||
50м2 ден 200м2 чей | 15 | 15 | 5 | 5 | 10 | 10 | 5 | 10 | ||||
200м2 жог. | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 2 | ||||
4 | Офистер, бизнес борборлору |
| 30 | 30 | 10 | 10 | 20 | 10 | 10 | 5 | ||
5 | Сауналар, банялар, тазалоочу (химиялык), краскалоочу жайлар, автоунаа ондоочу, май куйуучу жайлар (АЗС) , күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу жайлар |
| 20 | 15 | 10 | 20 | 15 | 10 | 10 | 10 | ||
7 | Көрнөк, жарнактар үчүн | м2 | 150 | 150 | 120 | 80 | 150 | 80 | 120 | 80 | ||
8 | Административдик имараттар |
| 5 | 10 | 5 | 5 | 10 | 10 | 5 | 5 | ||
9 | Кызматтык-техникалык аймактар | 20 м2 чей. | 20 | 15 | 10 | 10 | 5 | 5 | 5 | 5 | ||
20м2 жог. | 10 | 8 | 5 | 5 | 3 | 3 | 3 | 3 | ||||
10 | Өнөржай ишканалары, коммерциялык илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт уюмдарынын мекемелери |
| 10 | 10 | 10 | 20 | 10 | 10 | 10 | 10 | ||
11 | Айыл чарба, өнөр жай ишканалары |
| 10 | 10 | 10 | 5 | 10 | 10 | 10 | 10 | ||
12 | Багбанчылык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн берилген жерлер | 50м2 чей. | 20 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | 5 | ||
50м2 жог | 10 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | ||||
13 | Байланыш, теле-радио түйүндөрү үчүн (келишим баада) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
14 | Айдоо аянттары | 100м2 | 100 сом/бир жылга | |||||||||
Жооптуу катчы: С.Наралиева