Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 21
Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын чечими жылпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Шаардын төмөндөгү тургундарына Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Ташкөкүлов Ормонкул – ардактуу эс алууда, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу;
Иманбеков Майлыбек- ардактуу эс алууда, жеке ишкер;
Абдуллаев Нурмухамед Садыкович- ардактуу эс алууда, жеке ишкер;
Турдугулова Рыскүл – ардактуу эс алууда, врач-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери
3. “Ардактуу атуул” наамына тиешелүү төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н. Жусупахунов |