Редакцияот 30.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 30-майы № 01-5/92

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, шаардык ички иштер бөлүмүнүн иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын ички иштер бөлүмү боюнча берген туруктуу комиссиянын корутунудусу эске алынсын.

2. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн шаар калкынын коопсуздугун камсыздоодо шаар аймагындагы бардык мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө карабастан жакындан жардам көрсөтүшсүн.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдында уюшулган Коомдук алдын алуу борбору менен биргеликте шаар калкынын тынчтыгын камсыздоодо алдын ала иш-чараларды бирге иштеп чыгышсын жана аткарууну бирге жүргүзүшсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканаларга, Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнө, шаар тургундары жана шаардык ичики иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Я. Т. Абдурахманов