КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 01-5/93
Паспорт, виза жана калкты каттоо бөлүмүнүн иштөө абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, шаардык паспор, виза жана калкты каттоо бөлүмүнүн иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын паспорт, виза жана калкты катоо бөлүмүнүн иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндө «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык паспорт, виза жана калкты каттоо бөлүмүнүн калка көрсөтүп жаткан кызматтагы кемчилдиктери жоюуну колго алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |