Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 01-5/95
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин имаратын жайкы ремонттон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жазган шаардык мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин имаратын жайкы ремонттон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жазган шаардык мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин имаратын жайкы ремонттун өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миӊ) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берилсин.
3. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинине имаратын ремонттоо иштерине көмөк көрсөтүүгө бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүүнү шаардын мэрине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |