Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 01-5/97
Аймактык оорукананын иштөө абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, аймактык оорукананын жана үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун иштөө абалы жөнүндө, «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык оорукананын жана үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун иштөө абалы жөнүндө, «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Аймактык оорукананын жетекчисине:
- кир жучу жайдын имаратын жакшыртуу,
- жугуштуу оорулуулар бөлүмүнүн имаратын ремонтоо иштерине көӊүл буруу,
- шаар тургундарынын түнкү кабыл алуусун боюнча шаар калкынын нааразычылыктарын жоюу, медициналык кызматкерлердин бейтаптарга болгон мамилесин жакшыртуу боюнча кызматкерлерди сылык мамиледе болууга чакыруу.
3. Аймактык оорукананын территориясындагы жолдорго асфальт төшөө иштеринин начарлыгын текшерүүнү муниципалдык менчикти башкуруу Департаментинин башчысна жүктөлсүн.
4. Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисине:
- дарыгерлер отурган имараттын санузелинин абалын жана имараттын санитардык абалын жакшыртуу,
- дарыгерлердин бейтаптарга болгон мамилесин жакшыртуу,
- 2018-жылдын ноябрь айына чейин жогорудагы кемчилдиктерди жоюу.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |