Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/ 98
2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен жана шаардын мэринен келген «жергиликтүү бюджеттин кезектеги 2019-жылга жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитип берүүгө жазган расмий катын угуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-2020-2021-жылдарга карата Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү болжолдуу суммасы 53 322,0 миң сомго, 2020-жылга 56 227,5 миң сомго жана 2021-жылга 56 622,5 миң сомго бекитилсин.
3. 2019-2020-2021-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда аларды талкуулоо менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |