Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №01-5/ 99
Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитип берүү боюнча жазган шаардык мэриянын расмий катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитип берүү боюнча жазган шаардык мэриянын расмий каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын вице-мэри Немат уулу Жайнакка милдеттендирилсин.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |