Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/ 100
Түрткү берүүчү грантка өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен карап берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, шаарыбыздын инфраструктурасын көтөрүүдө 2019-жылга сунушталуучу долбоорлорго түрткү берүүчү грантка өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен карап берүү боюнча мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаарыбыздын инфраструктурасын көтөрүүдө 2019-жылга сунушталуучу долбоорлорго түрткү берүүчү грантка өздүк салымды жергиликтүү бюджеттен карап берүү боюнча мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.
2. 2019-жылга сунушталуучу долбоорлорго түрткү берүүчү грантка өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүүнү мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тарту маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |