Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/101
Жергиликтүү бюджеттен өнүктүрүү фондуна өздүк салым катары акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын «Ландыш» балдар бакчасынын капиталдык курулушунун долбоорун приоритеттүү деп, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүүнү сураган катын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ландыш» балдар бакчасынын капиталдык курулушунун долбоору приоритеттүү деп табылсын.
2. «Ландыш» балдар бакчасын райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан курууга 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |