Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/ 102
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, шаарыбыздын Пионер көчөсүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда Бармалтаева Өктөмкандын менчигиндеги дүкөнүнүн жер тилкесин зарылчылыгына жараша алып муниципалдык менчиктеги жер тилкесине алмаштырууга түзүлгөн келишимге макулдук берүү боюнча жазган мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги жер тилкесине алмаштырууга түзүлгөн келишимге макулдук берүү боюнча мэриянын жазган кайрылуу каты эске алынсын.
2. Шаарыбыздын Пионер көчөсүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда Бармалтаева Өктөмкандын менчигиндеги дүкөнүнүн жер тилкесин зарылчылыгына жараша алып муниципалдык менчиктеги жер тилкесине алмаштырууга түзүлгөн келишимге макулдук бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну вице-мэр Несат уулу Жайнака жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |