Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №01-5/103
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүн Транспорт жана Монтажная көчөлөрү менен кесилишкен жерлерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө керек болуп жаткан акча каражатын сметага ылайык бөлүп берүүгө жазган санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын расмий каты эске алынсын.
2. Көчөт отургузууга, жашыл газон себүүгө, жер кыртышын тазалоого жана кара топурак ташып келип, суугаруу түтүктөрүн орнотууга сарпталуучу акча каражатын аткаруу бийлигинин мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыз кылуу жагы каралсын.
3. Сметага ылайык мүмкүнчүлүкө жараша акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А. Т. Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |