Редакцияот 14.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/104

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылуу катын карап жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына бир жолу калктын санына жараша бир кишиге 1(бир)сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып барууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Я. Т. Абдурахманов