Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №01-5/ 105
100 орундуу балдар бакчасына резервуар куруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндөгү 100 орундуу балдар бакчасын борбордук канализацияга улоо жана тынымсыз суу менен камсыз кылуу үчүн резервуар курууга долбоордогу курулуштун сметасына ылайык акча каражатын бөлүп берүүгө жазган мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын расмий каты эске алынсын.
2. 100 орундуу балдар бакчасын, борбордук канализацияга улоого жана таза суу менен тынымсыз камсыз кылуу үчүн резервуар курууга долбоордогу курулуштун сметасына ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордогу курулуш сметасына ылайык акча каражатын камсыз кылууну мэр А. Т. Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Мамбеткуловага жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |