Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры № 01-5/108
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Полевая көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну Патиллаев Абдыракмандын жеке менчигиндеги Тургенев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 56м² гаражын пайдалануу багытын “дарыкана” деп өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы карап берген корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Патиллаев Абдыракмандын Тургенев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 56м² гараж деп пайдаланган жер тилкесин пайдалануу багытын «дарыкана» деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |