Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/ 110
Транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын кайрылуусун, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын дайыма иштөөчү комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнунда берген актысын жана шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчилике алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын дайыма иштөөчү комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнунда берген актысын жана шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын балансындагы 1995-жылы чыгарылган ГАЗ 31-029 үлгүсүндөгү авто унаанын техникалык абалы эӊ начар деп табылсын.
3. Мэр тарабынан бекитилген, шаардык мэриянын дайыма иштөөчү комиссиясынын 2018-жылдын 20-июнундагы актысына ылайык 1995-жылы чыгарылган ГАЗ 31-029 үлгүсүндөгү авто унааны сатууга уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |