Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/111
Кредитордук карызды төлөө үчүн бөлүмдөн бөлүмгө акча которууга уруксат берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, жыл башында бюджетти бекиткен мезгилде мектептердин жылуулугу үчүн 5 390 000(беш миллион үч жүз токсон миӊ) сом акча каражаты каралып, бирок жалпы билим берүү мекемелерине жылуулук берүүнүн суммасы 7 296 859(жети миллион эки жүз токсон алты миӊ сегиз жүз элүү тогуз) сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин Жылуулук камсыздоо ишканасына болгон карыз 2 105 653(эки миллион бир жүз беш миӊ алты жүз элүү үч миӊ) сом болуп калгандыгын, ушул сумманы төлөө үчүн бөлүмдөн бөлүмгө которуу үчүн уруксат берүүнү сурап жазган мэриянын кайрылуу катын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылуулук камсыздоо ишканасына кредитордук карызды төлөөгө жергиликтүү бюджеттен бөлүмдөн бөлүмгө которууга уруксат сураган мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кредитордук карызды төлөөгө акча каражатын таап, бөлүмдөн бөлүмгө жылдырууну каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жана мэрге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |