Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/112
Жер аянттарына укук берүү» комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, жер аянттарына укук берүү боюнча комиссиянын курамына муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер мүчө болуп кирген бирок, коомчулуктан, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн комиссиянын курамына кирген эместиги жөнүндө Ноокен райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 05-октябрындагы № 11/2-4-2378-18 сандуу жазган каршылык билдирүү катынын негизинде, шаардык Кеӊештин 2017-жылдын 7-мартында 01-05/17 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунушту карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары» жөнүндө мыйзамдарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы «Комиссия курамын түзүү жөнүндө» 01-05/17 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2-бөлүмү төмөндөгүдөй мазмундагы 8-9- абзацтары менен толукталсын.
Эл башы.
Аксакалдар сотунун курамынан бир мүчө.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысына жана мэрге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |