Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/ 113
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пролетарская көчөсүнүн №29-үйүнүн тургуну Кочкоров Жолчубай Төлөновичтин жеке менчигиндеги Пионер-Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода түйүнүнүн пайдалануу багытын «балдар бакчасы» деп өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Пролетарская көчөсүнүн №29-үйүнүн тургуну Кочкоров Жолчубай Төлөновичтин жеке менчигиндеги Пионер-Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода түйүнүнүн пайдалануу багытын «балдар бакчасы» деп өзгөртүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |