Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/114
Регионалдык медициналык ден-соолукту калыбына келтирүү» санаториясынын иштөө абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын Кочкор-Ата Регионалдык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун иштөө абалы жөнүндө берген корутундусун угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата Регионалдык ден соолукту калыбына келтирүү медициналык борборунун иштөө абалы боюнча аныкталган бөлмөлөрдөгү, коридордогу вентиляцияларды оңдоо, авто унаа токтоочу жайдын ордун иретке келтирүү жана ички жолдорду оңдоо иштери тез арада колго алынсын.
3. Санаториянын айланасындагы тосмолорду заманбап тосмолор менен тосуу,
бөлүмдөрүндөгү жана сырттагы санузелдерди калыбына келтирүү, санаторияны тынымсыз суу менен камсыз кылуучу резервуар куруу сунушу менен мэрияга кайрылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун Регионалдык ден соолукту калыбына келтирүү медициналык борбордун директору Осорова Дилбар Таштанбековнага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |